МВФтин төрагасы Нью-Йорктогу атактуу түрмөгө которулду

Эл аралык валюта кору - МВФтин төрагасы Доминик Стросс-Кан кечээ 16-майда Нью-Йорктун Рикер аралындагы атактуу абак жайга которулду. 1930-жылы курулган түрмөдө азыр 11 миңдей адам кармалууда. 62 жаштагы банкир Нью-Йоркто мейманканада иштеген аялды зордуктоого аракет кылды деп күнөөлөнүүдө. Сот аны 1 миллион доллар күрөө пулга абактан чыгаруу сунушун четке какты.

Доогердин адвокаттарынын айтышынча, Стросс-Кан күрөөгө койо берилсе, Францияга учуп кетип, кинорежиссер Роман Полонски сыяктуу сот жоопкерчилигинен кутулуп кетет.
32 жаштагы француз жазуучусу Тристин Бэнон да 2002-жылы Стросс-Кан ага сексуалдык чабуул жасаганын айтып, сотко арызданышы ыктымал экенин эскертти.

Райондук прокурордун жардамчысы Жон МакКоннел сотко кайрылып, банкирди күрөө пулга абактан чыгарбоону өтүндү. "...айыпкерде качып кеткенге толук жүйөөсү бар. Бизге маалым, айыпкерде учуп кеткенге жана жоопкерчиликтен качканга жеке, саясый жана финансылык мүмкүнчүлүгү бар. Ал колунда бар айлакер адам. Анда кайра колго түшпөгөндөй жана жоопкерчиликтен кутулгандай каражаттары бар экени анык”, - деди МакКоннел.

Стросс-Кандын иши сотто 20-майда каралат.