Немис жергесинде кымыз фестивалы өттү

Кымыз даамын сызып жаткан учур. - Германиянын батышындагы Баден-Вүрттемберг жергесинде Валдбрун ооданынын Мүлбен шаарчасында Ганс Цоллманн (Hans Zollmann) мырзанын ири дыйкан чарбасы бээ сүтүн жана кымыз сатуу менен алектенет. 15-майда бул чарбада жалпы Германиянын калайыгы үчүн кымыз фестивалы өттү. Ага кыргыз жана казак коноктор да катышышты. Т.Чоротегин. “Азаттык” үналгысы. 15.5.2911.

Кулун телчигип, эми бээ сүтүн кымыз үчүн саашка да мүмкүн болуп калды.

Саанчынын оң колу – компүтердешкен саан жабдуусу.

Саанчы кыз заманбап саан жабдуусу менен бээ сааган ыкмасын конокторго көрсөттү.

Саанчы кыз бир учурда төрт бээни саай алат.

Ганс Цоллманн – Германиядагы кымыз фестивалынын негизги уюштуруучусу жана дыйкан чарба ээси.

Кыргыз жана казак коноктор Ганс Цоллман менен бирге кымыз даамын татууда.

Немис бөбөк алгачкы жолу бээни башынан сылады.

Жадыраган сатуучулар кымыз эле эмес, бээ сүтүнөн жасалган башка өнүмдөрдү (витамин, бетмай, самын ж.б.) да сатууда.

Бээ сүтүнүн даамы бар балмуздактын рекламасы.

Бээ сүтүнүн даамы бар балмуздак кандай сонун!

Кымыз фестивалына келгендер жылкыларды каалашынча сүрөткө тартып, ыракатка барышты.

Жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү да кымыз фестивалы тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.

“Атка” минип ойногон кандай кызык! - Кымыз фестивалынын алкагында балдар үчүн уюштурулган оюн-зооктун бир түрү.