“Евровидениени” Азербайжан жеңди

Ell&Nikki - "Евровидениенин" жеңүүчүлөрү

Өткөн түнү Германияда 43 мамлекеттин ырчылары катышкан сынакты телевизордон 100 млн.дой адам көрдү. Элдар Гасимов менен Нига Жамалдын (""Элл/Никки" деп да аташкан) аткаруусундагы “Артыңа үңүлбө” деген сүйүү ыры алгачкы ирет бул конкурстун тарыхында Азербайжанга жеңишти алып келди.

Ошентип, "Евровидение" конкурсу келерки жылы эми Бакуда өтө турган болду. Азербайжандын өзүндө алардын жеңишин чоң сүйүнүч менен кабыл алышты. Бакунун тургуну Узеир Хусейнов: "Мен Нигар менен Элдарды ушундай өзгөчө күн менен куттуктайм! Мен жалпы азери элин куттуктайм!, - дейт. - Ооба, биз мыктыбыз! Биз башынан эле мыктыбыз жана биз жеңдик!"

Бул жолку сынакта экинчи орунду Италиянын, ал эми үчүнчүнү Швециянын ырчылары ээлешти.

"Евровидение" дүйнөгө атагы чыккан бир топ ырчылардын тушоосун кескен. Маселен, 1974-жылы “Абба” тобу, ал эми 1988-жылы Швейцариянын атынан чыккан канадалык ырчы Селин Дион бул конкурстагы жеңишинен кийин дүйнөгө белгилүү болушту.