Орусияда “Сочи олимпиадасына 1000 күн” эсеби башталды

Бүгүндөн тарта Орусияда Сочиде өтчү Кышкы олимпиаданы эсептөө башталды. Олимпиада 2014-жылдын 7-февралында башталат. Күн өткөнүн Кара деңиздеги шаардын темир жол вокзалына орноштурулган килейген чоң саат эсептеп турмакчы. Бул жолку олимпиада Орусияда 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан берки эң ири окуя болгону турат.