Ливияда жалданма француз аскер атылды

Ливиялык козголоңчулар ээлик кылган Бенгази шаарында франциялык жалданма топтун адамы атылып, дагы төртөө камакка алынганы кабарланды.

Франциянын тышкы иштер министри Бернард Валеро окуянын болгонун тастыктап, бирок жалданма жоокерди ким өлтүргөнүн айткан жок.

Бенгазиде ушул тапта кырдаал салыштырмалуу коопсуз жана тынч.
Козголоңчулар болсо төрт француз кармалганы тууралуу азырынча маалымат бербей турат.

Франция Муаммар Каддафиге каршы чыккан ливиялык оппозицияга аскерий колдоо көрсөтүп жатат.