Римдиктер жер титирөөдөн коркушууда

Римдин миңдеген жашоочулары бүгүн жер титирөөдөн чочулап, шаардан кетүүгө шашылышты. Себеби 1979-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен Рафаэлле Бендани деген өз алдынча үйрөнгөн сейсмолог 2011-жылдын 11-майында Италиянын борбор шаарында күчтүү жер титирөө болорун эскерткен. Буга чейин ал Фриулидеги зилзала болорун туура айткан. Римдин мэриясы күн мурунтадан элди тынчытууга аракеттенип келди.