Жаш шахматчылар Филиппинде күч сынашат

8 жаштан 18 жашка чейинки мыкты деген шахматчылар Филиппинге Азия чемпионатына катышууга камынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шахмат федерациясынын аткаруучу директору Бактыгүл Тиленбаева кабарлады.

14-22-майда өтө турган чемпионатка Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынан, Бишкек шаарынан 8 өспүрүм катышат. (КЕ)