Ооган өкмөтү талиптерди тынчтык жолуна кошулууга үндөдү

Ооган өкмөтү талип лидерлерин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулууга чакырып, болбосо аларды да өткөн жумада өлтүрүлгөн Усама бин Ладендикиндей тагдыр күтөрүн эскертти. Ооганстандын вице-президенти Мухаммад Карим Халили Кабылда ачылган эки күндүк тынчтык конференциясында сүйлөп, талиптерге элдешүү демилегсин колдоого ыңгай келип турганын да белгиледи. Халинин сөзүнчө, Ладендин Пакистанда өлтүрүлүшү -“ал-Каида” менен талиптерди Пакистандагы айрым күчтөр колдойт деген Ооганстандын билдирүүлөрү чын экенин тастыктады.