АКШ - Кытай сүйлөшүүлөрүндө адам укуктары козголду

Вашингтондогу АКШ - Кытай сүйлөшүүлөрүнүн ачылыш салтанатында вице-президент Жо Байден менен мамкатчы Хиллари Клинтон сөз сүйлөп, Кытайдагы адам укуктарынын абалына, айрыкча соңку камакка алуулар боюнча камтама билдиришти.

- Коомдук адвокаттар, жазуучулар, артисттер жана башка адамдар камакка алынып, же дайынсыз болгону тууралуу маалыматтар менен таанышпыз. Тарыхтын узун сабагы адам укуктарын сыйлоого умтулган коомдор гана өнүгүп, туруктуу жана ийгиликке жетишкенин көргөзөт, - деди мамкатчы Клинтон.

Кытай бийлиги Жакынкы Чыгыштагы күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам соңку айларда ондогон адамдарды камакка алган. Алардын ичинде белгилүү артист бийликке каршы ачык сын айткан Ай Уэйуэй дагы бар.

Жо Байден АКШ Кытай ортосунда адам укуктары жаатында «чоң келишпестик» бардагын эскертти.