Франция бүгүн Жаңы Зеландияга байыркы баалуу тарыхый буюмду, атап айтканда, маори уруусунун аскеринин мумияланган башын кайтарып берди. Реликвияны өткөрүп берүү салтанаты Франциянын Руан шаарында өттү. Мумия шаар музейинде 1875-жылдан бери сакталып келген. Жаңы Зеландиянын өкмөтү 30 жылдан бери аны кайтарып алууга аракеттенди. Маори – Жаңы Зеландиянын түпкүлүктүү калкы.