Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев кырсыктарды азайтуу боюнча эл аралык жыйынга катышуу үчүн Швейцариянын Женева шаарына жөнөп кетти. Анда Кыргызстан бул жаатта өзүнүн улуттук программасын жарыяламакчы. Жыйын 13-майга чейин созулат. Аталган министрликтин билдиришинче, Кыргызстандан барган топ анын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар агенттиктери менен чукул кырдаалдардын алып, кесепетин жоюуда биргелешип кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. (EBM)