Индия Рабиндрант Тагордун 150 жылдыгын майрамдоодо

Кечээ 7-майда Индияда Рабиндрант Тагордун 150 жылдыгын белгилөө ырасмий башталды. Акын-жазуучу Рабиндрант Тагор Нобелдин адабият жаатындагы сыйлыгына 1913-жылы татыктуу болгон азиялык биринчи калемгер. Аны Индиядагы жана коңшулаш Бангладештеги 250 миллион бенгали тилдүүлөр кудайындай көрүшөт. Ал Индиянын Батыш Бенгали штатында ачык асман алдындагы университетти негиздеген жана Бангладеш менен Индиянын улуттук гимндерин жазган. Буга чейин Рабиндрант Тагордун 50 томдук эмгектери жарыяланган.