“Ал-Каида” уюму Бин Ладен өлтүрүлгөнүн ырастады

Пакистанда Усама бин Ладен жок кылынган Абботабад шаарында, Кетта калаасында, Египеттин борбору Каирде Ал-Каида лидерин колдогон жүздөгөн киши бүгүн нааразылык акциясын өткөрүштү. Жихадчылардын интернет форумунда Ал-Каида уюму билдирүү жайгаштырып, Бин Ладен жок кылынганын ырастады деп АКШлык байкоо салган расмий уюм кабарлады.