Кыргызстан, Тажикстан жана Швейцария өнөрпоздору концерт коет

“Жибек жолу - музыкалык экспедиция” деп аталган концерт бүгүн кечинде Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектепте өтөт. Анда “Интерконтинентал триосу”: кыргызстандык Жусуп Айсаев кыл-кыяк, комуз жана ооз комузда, Тажикстандан келген Абдували Икрамов менен швейцариялык жаз музыкант Мартин Шумахер урма жана үйлөмө аспаптарда биргелишип музыкалык чыгармаларды аткарышмакчы. (EBM)