Соодагерлер мэр Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылууда

Бишкектеги Ош базарындагы айрым соодагерлер, базарга өнүмдү дүңүнөн алып келген дыйкандар өлкө жетекчилигине шаар мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан алууну талап кылып кайрылышты.

Соодагерлердин иш таштоо комитетинин билдиришинче, талаптын аткарылышына 10 күн убакыт берилди, эгер мэр кызматтан алынбаса 14-майдан тарта Жогорку Кеңештин алдында мөөнөтсүз акциялар башталат.

Ош базарды ирээтке келтирүү үчүн шаар бийлиги ушул жаздан бери базардын жака-белин соода жайлардан, күркөлөрдөн тазалап жатат. Мэр Иса Өмүркулов башталган иш аягына чейин чыгарыларын айтып келет. (EBM)