Нетаняху Палестинанын биримдик келишимине терс баа берди

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Палестинанын Фатх жана ХАМАС кыймылдарынын ортосунда түзүлгөн биримдик келишимин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине катуу сокку катары сыпаттады.
"Жөөт мамлекетин танган адамдар кирген өкмөт менен Израиль сүйлөшүү жүргүзбөйт", - деди Нетаняху Лондондогу сапары маалында. АКШ жана Израил ХАМАСты террордук уюмдардын катарына киргизген. Палестинанын биримдик келишимине 4-майда Каирде кол коюлду.