ФАТХ жана ХАМАС өкмөт түзгөнгө бирикти

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана ХАМАС кыймылынын лидери Халед Мешаал 4-майда биримдик келишимине кол коюшту. Египеттин арачылыгы менен өткөн аптада жетишилген келишим - палестиндердин эки чоң тобу ортосундагы төрт жылдык ажырымды бүтөш керек.

Ага ылайык, бирдиктүү өкмөт түзүлүп, бир жыл ичинде шайлоо өткөрүлөт.
Каирдеги кол койуу салтанатына БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча атайын координатору Роберт Серри катышты.

Аббас башындагы ФАТХ уюму Батыш Иордандагы Израил басып алган аймактарды башкарат. Газа секторундагы бийлик ХАМАСтын колунда. Эки топтун ажырым 2007-жылы ХАМАС Газаны ээлеп алганда башталган.
ХАМАС Израилди мамлекет деп тааныгандан баш тартып келет. Кыймылды Израил жана АКШ террорчу уюм деп эсептешет.