Португалия өкмөтү Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан (ЭВК же МВФ) үч жылга 78 миллиард евро жардам алмак болду. Буга чейин Грекия менен Ирландия финансылык жардам алган. (Үч өлкө тең евромейкиндикке кирет).
Бирок, талдоочулардын айтышынча, Португалиянын абалы бир кыйла татаал: мамлекеттик сектор менен банктарынын карызы чоң, пенсия системасынын негизги жүгү өкмөттүн мойнунда.
Өлкөнүн 5-июнга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы жагдайы да анча туруктуу эмес. Мурдакы өкмөттүн катаал экономикалык планын парламент бекитпей койгон соң, ал бийликтен кеткен.