Жаштар иштери боюнча министрлик “Үй-бүлө коомдун өзөгү” деп аталган долборду ишке киргизүүдө. Анын алкагында Бишкекте 7-майда "Дасмия" ресторанында үйлөнүү той өткөрүүгө чарк-чамасы жетпеген 20 түгөйдүн тойу бир күндө өткөрүлмөкчү. Министрликтин өкүлү Лилия Калыкова түгөйлөр Бишкек шаарынан тандалып алынганы, эгер долбоор ийгиликтүү болсо жыл сайын өткөрүлүп турарын “Азаттыкка” билдирди. (EBM)