Зардари: Бин Ладенди жок кылууга Пакистан катышкан жок

"Ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладенди жок кылуу боюнча операцияны Кошмо Штаттар Пакистан менен чогуу өткөргөн жок. Пакистан президенти Асиф Али Зардари Washington Post гезитине чыккан макалада “ал-Кайиданын” лидери кайда экенин, Абботтабадда ким өлтүрүлгөнүн Пакистан жетекчилиги билбегенин айтат. Бин Ладенди өлтүрүү биргелешкен операция болбогонун белгилеген Зардари макалада АКШ- Пакистан ортосундагы он жылдык кызматташуу жана өнөктөштүк “Усама бин Ладен дүйнөгө жараткан коркунучту жок кылууга өбөлгө болду” дейт.