“Ата Журт” фракциясы коалиция маселесин талкуулайт

Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясы коалиция маселесин жабык талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Камчыбек Ташиев билдирди. 16-мартта атажуртчулар коалициялык келишим боюнча сунуштары камтылган катты өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жөнөтүшүп, аларды аткарууга 22-мартка чейин мөөнөт беришкен болчу.

Башкаруучу коалицияны түзгөн парламенттеги үч фракция 11-мартта коалициянын келечеги боюнча чукул жыйынга чогулган эле, бирок ага “Ата Журттун” айрым лидерлери катышкан эмес. "Ата Журт" фракциясы коалиция маселесин өзүнчө талкуулап, аталган фракциядан 19 депутат талаптары аткарылбаса коалициядан чыгышарын билдиришкен. Коалиция ыдырашы үчүн 19 депутаттын чыгуусу жетиштүү.