Фукушиманын жанындагы азык-түлүктө радиация табылды

Фукушима атомдук станциясынын 2 реакторуна кечээ электрэнергиясы бериле баштады. Эми жакын арада муздатуу системасы иштей баштайт деген үмүт пайда болду. Муздатуу системасы радиациялык заттардын айлана чөйрөгө жайылышын токтотуу үчүн өтө маанилүү. Бирок үчүнчү жана төртүнчү реакторлорду электрэнергиясы менен камсыз кылуу үчүн дагы бир нече күн керек. 11-март күнкү жер титирөө менен цунамиден жабыркаган станцияда бир нече жарылуу болуп, радиация сыртка чыга баштаган. Япония өкмөтү кризистен кийин Фукушиманы жабуу пландалып жатканын билдирди. Ядролук станцияга жакын жердеги дыйкан чарбаларында сүт менен шпенатта радиациянын деңгээли жогору болуп чыкты. Радициянын издери Токиодо түтүктөрдөгү суудан да табылган. Ал эми табигый кырсыктан каза болгондордун расмий саны 8 миң 133 кишиге жетти. Дагы 12 миңдей кишинин дайыны белгисиз.