Бишкекте экономикалык форум өтөт

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 23-мартта кыргыз, орус өкмөттөрүнүн биргелешкен экономикалык жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү билдирет.

“Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” деп аталган жыйынга кыргыз тараптан премьер-министр Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев, орус тараптан айрым министрликтердин жетекчилери, губернаторлор катышат. (IJz)