21-мартта айрым жерлерде жаан-чачын болот

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 21-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -4…-9 градус, күндүз 2…7 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 4…9 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -2…-4 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот. (KKs)