Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү жанданат

Сот процесси Бишкектеги Жаза өтөө департаментинин залында өтөт. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” анда коопсуздукту камсыздоо күчөтүлүп жатканын билдирди.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында куралсыз элге каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Жүздөгөн адам жаракат алган. Бул боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын айрым туугандары, аткаминерлер болуп бардыгы 28 адамга айып тагылып кылмыш иш козголгон. Сот процесси былтыр 17-ноябрда Спорт сарайда башталган эле. Бирок 30-ноябрда Спорт ордонун жанындагы жардыруудан соң сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (EBM)