Токтогул районунда жер титиреди

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 10:09да жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Кетмен-Төбө айылынан 10 чакырым түштүк-батышта жайгашып, 3 баллга жеткен. Кара-Көл, Токтогул шаарларында, Кетмен-Төбө, Үч-Терек жана Кара-Жыгач айылдарында 2 баллга жетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон жок. (IJz)