Орусия менен Беларус Атомдук электростанция курушат

АЭСти Орусия Беларуста курат жана ал үчүн расмий Минскиге 9,4 млрд.доллар карыз берет. Кечээ Минскиде Беларус президенти Александр Лукашенко менен орус премьер-министри Владимир Путиндин жолугушуусунда айтылгандай, атомдук электростанция Беларустун Латвия менен чектеш жерине курулат жана 2018-жылдан тарта ишке кирет. Бул азыр коңшу мамлекеттеги жана Беларустун өзүндөгү экологдорду кыжаалатка сала баштады. Путиндин ишениминде, бул АЭСтин коопсуздук деңгээли, Жапониядагыга салыштырмалуу, алда канча жогору болот.