Клинтон Египеттин өткөөл өкмөтү менен жолугат

Бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Каирде өлкөнүн убактылуу жетекчилиги менен сүйлөшөт. Жолугушууларда мамлекеттик катчы ыңкылаптан кийинки Египетти демократиялык реформаларды алдыга жылдырууга үндөйт. Клинтон мурдагы президент Мубаракты бийликтен кулаткан ыңкылапчыл активисттер менен дагы жолугуп, баарлашат.

Шаршембиде АКШ мамлекеттик катчысы Туниске барып, ал жерде ыңкылаптан кийинки жагдайды көрөт. Клинтон Жакынкы Чыгыштагы иш сапарын Парижде «Чоң сегиздикке» кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкандан кийин улантууда.