Аба ырайы: Шашылыш эскертүү!

15-марттан 17-мартка чейин соңку кездери орун алган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо Бишкек-Ош (121-137, 198-265 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) багытында кар көчкүсү болуусу ыктымал. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо сунуш кылынат.

Бул аралыкта Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ойдуң жерлерде суу капташы ыктымал.

16-мартка карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл тилкесинде 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… -6 даража болсо, күндүз 3… 8 даража жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -2… -7 даража, күндүз 2… 7 даража жылыйт. Баткенде түнкүсүн -1… +4 даража, күндүз 6… 11 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында 1… 6 даража жылуу, күндүз 7…12 даража жылуу болот, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 даража, күндүз 1…6 даража жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз 0… 5 даража жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -13... -18, күндүз -4... -9 даража.

Бишкек шаарында 16-мартта кар жаайт, түнкүсүн мол жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3… 5 даража суук, күндүз 4… 6 даража жылуу болот.