Коопсуздук кеңеши бүгүн Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо өтүнүчүн кароо үчүн жыйналган. Бул маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоорун Британия менен Франция даярдаган, бирок ал азырынча расмий таратыла элек.
Бул аралыкта бүгүн Парижде жогорудагы сунушту талкуулоо үчүн АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жыйын курууда.
Ал эми Ливиянын телеси козголоңчулар тарапка өтүп кеткен аскерлерге мунапыс берилерин жарыялады. Ал жарыяга караганда, козголоңчулар тарапка өтүп кеткендер кайра өкмөттүк күчтөргө багынып берсе, кечирим алышат.
Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү азыр мындан бир апта мурун эле өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн баарын көзөмөлдөөгө жетишип, борбор Триполини көздөй жыла башташкан козголоңчуларды артка сүрүүдө.