Жапониядагы кыргызстандыктардын саны такталууда

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жапониядагы Кыргызстандын элчилиги жер силкинүү болгон аймактарда канча кыргызстандык бар экендигин, алардын жабыр тартып-тартпаганын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Жапонияда 150 чамалуу Кыргызстан жарандары бар экендиги кабарланууда.

Жума күнү Жапониянын түндүк-чыгышында күчү сегиз даражадан ашкан зилзала катталган. (KKs)