Үч доорду көргөн Айша апа

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үч доорду - падыша өкмөтүн, Совет бийлигин жана азыркы заманды көргөн, чоң окумуштуу, мударис Кусеин Карасаевдин өмүрлүк жубайы Айша Карасаева 103 жаш курагында дүйнө салды. Айша апа 1927-жылы «Жабык араба» фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. 1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон. Айша апанын 2011-жылы "Азаттыктын" кабарчысы Мария Колесниковага берген маеги.