Кувейтте жаштар көчөгө чыкканы жатат

Кувейт жаштарынын топтору бүгүн уруксат берилбеген нааразылык акциясын өткөрүүнү белгилешүүдө. Уюштуруучулар өлкөнүн премьер-министри Шейх Насир ал-Мохаммад ал –Сабах алмаштырылып, саясий реформалар жүргүзүлүүсүн көздөшүүдө. Алардын айрымдары премьер-министрликте өлкөнү 250 жылдан бери башкарып келе жаткан ал-Сабахтардан сырткары турган саясатчы туруусу керек деп эсептешет. Аналитиктердин айтымында, Кувейттин парламентинде ачык-айкын талкуулар жүрүп турат, бирок өлкөдө саясий партиялар мыйзамсыз деп жарыяланган.