Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргыз президенти Роза Отунбаева бул иш сапарынын алкагында АКШнын бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары президент тегерек столго катышып, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, эксперттик жамааттын, дипломатиялык корпустун жана массалык маалымат каражаттарынын алдында баяндама жасайт.
Вашингтондо Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик департаментинин «Каармандык үчүн» аттуу айымдардын эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземине катышат.
АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган бул сыйлык 2007-жылдан бери дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдөгү айымдарга тапшырылып келет. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс тарабынан негизделген бул сыйлык менен жалпысынан 27 өлкөдөн 36 айым сыйланган.(AzK)