Кабылда нааразылык иш-чарасы өттү

6-мартта жүздөгөн оогандар НАТОлук аскер аба күчтөрдүн жаңылыш аракеттерине нааразылык билдиришип, Кабылда көчө жүрүшүн өткөрүштү.
2-мартта НАТОнун тикучары Кунар вилайетинде (провинциясында) тоодо отун терип жүргөн балдарды жаңылыш бомбалап, сөөгү ката элек 9 бала курман болгон.
Набыт болгон балдардын сүрөттөрүн көтөргөн демонстранттар “Америкага өлүм” деп, Кабылдын ортолук бөлүгүнөн өтүштү.

АКШ президенти Барак Обама капылет окуя үчүн Ооган президенти Хамид Карзайга терең өкүнүчүн билдирди.