Оман да толкуду

Омандын түштүк-чыгышындагы аймактын мунай кендеринин жумушчулары 5-мартта экономикалык реформаны талап кылышты. Оман өкмөтүнүн билдиришинче, өлкө байтакты Мускаттан 500 чакырым чыгыштагы мунайга бай Хайма районунда жумушчулар иш орундарында отуруп алышып, аймакка инвестиция салууну көбөйтүүнү өкмөттөн талап кылышты. Өткөн аптада жумуш менен камсыздоону жана саясый укуктарын кеңейтүүнү талап кылган демонстрациядан кийин султан Кабус бин Саид 50 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт деп убада берген.