Казакстанда президенттик жарышка 4 талапкер түшөт

3-апрелде мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышууга төрт талапкер расмий катталганын Астанадагы Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Учурдагы президент Нурсултан Назарбаев, Коммунисттердин элдик партиясынын лидери Жамбыл Ахметбеков, Патриоттор партиясынан Гани Касымов жана көз карандысыз эколог Мэлс Елеусизов 1-апрелге чейинки шайлоонун үгүт иштерин башташат.

Башында 22 киши президенттик жарышка түшүүгө ниетин билдирген, алардын теңи тил сынагынан кулап калган. Калган жети киши каттоонун талаптарына жооп бере алган эмес.