"Кайра куруунун жана айкындыктын атасы" 80 жашта

Бүгүн (2-март) мурдагы СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев 80 жашка толду. Горбачев баштаган кайра куруу(перестройка) жана шарданалык (гласность) саясаты совет элин шыктандырып, өлкөнү Батышка ачкан. Ошол эле учурда 1991-жылы СССРдин ыдырашына алып барган. Батышта Горбачевду өлкөсүнө эркиндик бергени, Чыгыш Европада коммунисттик бийликтин кулашындагы ролу үчүн жогору баалашат. Бирок Орусияда аны бирөөлөр чоң мамлекетти бүлүнттү деп айыпташса, экинчилер 1990-жылдардагы экономикалык каатчылык үчүн жооптуу дешет. Михаил Горбачевго 1990-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Ал жакында Орусиянын лидерлерин демократияны “иммитация” кылууда деп сындады.