28-февралда НАТОнун кеңсесинде баш катчы Андерс Расмуссен менен жолугуудан кийинки маалымат жыйында президент Роза Отунбаева бул уюмга кыргыз коомун өнүктүрүүдөгү баа жеткис салым кошкон программалары үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биринчиден мен коңшу Ооганстан маселенин көтөргүм келет. Ошондой эле бизди өтө кабатырланткан Тажикстан, андан ары Ооганстан менен чек ара аймактар. Биз чек ара күчтөрүн бекемдөөбүз керек, мен баш катчы менен бул тууралуу сүйлөштүм. Биз өткөн жыл соңунда террордук чабуулга кабылдык. Бул биздеги жаңы коркунуч, адамдар арасында атайын иштерди жүргүзүүнү жана тийиштүү министрликтерди чыңдоо жаатында НАТОдон көп нерсе үйрөнгүбүз келет», деген президент Отунбаева аталган уюмдун Кыргызстандагы программаларын көбөйтүү сунушун айтканын кошумчалады.
Андерс Расмуссен НАТО Кыргызстандагы демократиялык реформаларды колдоону уланта берерин билдирип, «Кыргызстандагы тынчтык жараян биздин кызматташууну кеңейтүүнүн жаңы жолдорун табууга өбөлгө болот», деди.
Баш катчы Расмуссен президент Отунбаевага Кыргызстандын Ооганстандагы Эл аралык күчтөргө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан Түндүк Атлантикалык альянстын «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына 1994-жылдан бери мүчө.