Кыргызстандык жарандар кырдаал курчуган өлкөдөн мекенине Украинанын өкмөтүнүн жадамы менен Киев, Алматы шаарлары аркылуу кайтып келишти. Аларды Киевде кыргыз элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырып, тамак-аш уюштуруп, Бишкекке жиберүүгө жардам беришкенин ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанга кайтып келгендер Ливиянын борбору Триполи шаарында исламдык окуу жайда окуп жатышкан студенттер экен. (KC)