Бишкекте 138 өспүрүм окууга барбай иштегени аныкталды

Ленин райондук администрациясы, ички иштер башкармалыгы жана райондун социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда 138 баланын мектепке барбай, оор жумуштарда иштеп жүргөнүн аныкташты. Балдардын көпчүлүгү базарларда араба түртүп иштешет. Билим берүү борбору аларды № 82 орто мектептин жана №10 жумушчу жаштар мектебинин базасында кечки бөлүмдө сырттан окутууга жардам бермей болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)