ТИМ Ливиядагы студенттердин абалын билди

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги Ливияда окуп жүргөн кыргыз студенти менен телефон аркылуу байланышка чыкты. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ал, Ливиянын борборундагы университеттин Ислам факультетинде алты кыргыз студенти билим алып жатканын, студенттер учурда окуу жайдын кампусунда жашап турушканын, студенттердин шаарчасы катуу кайтарылып турганын, андыктан ал жактагы кыргыз студенттерин алып кетүүнүн зарылчылыгы жоктугун айткан. (IJz)