Төрт банктын тагдыры тууралуу маалымат берилет

Апрель окуясынан бери тагдыры чечилбей келе жаткан “Манас Банк”, “Ысык-Көлинвестбанк”, “Кыргыз кредит” жана “Акылинвестбанкынын” азыркы абалы тууралуу Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева маалымат берет.

18-февраль күнү “Манас банктын” эмгек жамааты президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдоп, Улуттук банк тарабынан “Манас банкты” банкротко чыгаруу аракети жүрүп жатат деген нааразылыктарын билдиришкен эле.(ZKo)