Мунайдын баасы өсүүдө

Ливиядагы кырдаалга байланыштуу кара майдын дүйнөлүк баасы 10 пайызга жакын кымбаттап кетти.

Нью-Йорк биржасындагы кечээки соодада мунайдын баррели дээрлик 94 доллардан сатылды, бул алдыңкы күндөгүдөн 8.5 пайызга жогору.

Ливия дүйнөдөгү эң ири 12-мунай өндүрүүчү болуп саналат. Соңку толкундоолорго байланыштуу өлкөдө мунай өндүрүшү үзгүлтүккө учураганы кабарланууда.