Каддафи "козголоңчуларды" талкалоого чакырды

Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи өз бийлигине каршы көтөрүлгөн демонстранттарды өлүм күтөөрүн эскертти.

Сыналгыдан сүйлөгөн бир жарым сааттык сөзүндө Каддафи "революциячыл лидер" катары Ливияда кала берээрин эскертип, кызматтан кете тургандай, анын расмий кызмат орду жок экенин белгиледи:

- Муаммар Каддафинин, башка президенттердей, кете турган кызматы жок. Каддафи президент эмес, ал революциянын лидери, - деди ал өзү тууралуу үчүнчү жакта сүйлөп.

Кабарларга караганда, акыркы бир нече күндөн бери Каддафинин аскерлери топтолгон элди туш келди атып, жүздөгөн киши каза тапты.