Отунбаева Нарында коопсуздук маселелерин талкуулады

Бүгүн президент Роза Отунбаева Нарында аталган облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү. Жыйында чек арадагы коопсуздук, уюшма кылмыш топторго бөгөт коюу маселелери талкууланды. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, бул жыйындын алдында Отунбаева Нарын шаарындагы Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүндө болду. Аскер кызматын өтөп жаткандарга жакшыраак шарт түзүлүшү керектигин белгилеп, өзүнүн маалымат кызматына аталган бөлүктүн кызматкерлери үчүн республикалык гезиттерге бекер жаздыртууну тапшырды жана өзүнүн атынан 11 сыналгыны белекке берди. (EBM)