Египет Мубарактын четтеги активдерин тоңдурууну суранууда

Бийлик мындай кадамды өлкөнү отуз жылдан ашуун башкарган Хосни Мубарак элдик толкундоонун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгондон он күндөн кийин жасады. Каирден түшкөн кабарларга караганда, өлкөнүн Башкы прокурору Абдел Мажит Махмуд тышкы иштер боюнча министрге Мубарактын, аялынын, балдарынын жана алардын аялдарынын сырттагы активдерин тоңдуруу үчүн чет өлкөлөр менен байланышууну тапшырды.

Бул аралыкта бүгүн Египетке иш сапары менен британ премьер-министри Дэвид Камерон барды. Ал - Египетке Мубарак президенттиктен кетүүгө аргасыз болгондон кийин барган алгачкы лидер. Британ өкмөт башчысы Каирде азыр аскерий башкарууда турган Египеттин расмий өкүлдөрү, Мубаракка каршы чыккан оппозициянын мүчөлөрү менен сүйлөшүү өткөрөт. Бирок исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөлөрү менен жолукпайт.