Алжир полициясы баш калааны катуу кайтарууга алды

Алжирден түшкөн кабарларга ылайык, полиция баш калаанын борборун катуу кайтарууга алды. Демократиячыл күчтөр бүгүн жүрүш уюштурууну көздөшкөн. Борбордук аянтка алып барган бардык жолдор тосмолонду. Бирок демонстранттардын чакан тобу аянтка өтө алды. Алар өкмөткө каршы ураандарды чакырып турушту. Бир апта мурун борбор шаардын көчөлөрүнө чыккан демонстранттардын жолун миңдеген полициячы торогон. Өкмөт 19 жыл илгери киргизилген чукул кырдаал режимин ай соңуна алып салууга убада кылганы менен бир аптадан бери айрым чөлкөмдөрдө иш таштоолор, чакан акциялар уланып келатат. Өткөн айда азык-түлүктүн кымбатташы 5 күнгө созулган нааразылыкка алып келген. Кагылышууларда анда 3 киши каза тапкан.