Бахрейн: Армия Манаманын борбордук аянтынан чегинди

Бахрейнде оппозициядагы шийилердин тобу сүйлөшүүлөр үстөлүнө отуруу сунушун четке какты. Өлкөдө бир нече күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. “Вефак” блогу өкмөт адегенде кызматтан кетип, аскерлер баш калаа Манаманы күзөтүүнү токтотууга тийиш деген шарт коюшту. Соңку кабарларга ылайык, армия борбордогу “Бермет” аянтынан чегинди. Падыша Хамад бин Иса ал-Халифа уулу ханзада Салманга саясий кризистен чыгуу үчүн бардык партиялар менен диалог жүргүзүү тапшырмасын берди. Элдик толкундоолор башталгандан бери 4 киши окко учту, жүздөгөнү жарадар болду. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон саясий диалог кечиктирилгис башталууга тийиш деп белгилеп, демонстранттарга каршы күч колдонулганына камтамасын билдирди. АКШ президенти Барак Обама Бахрейн жетекчилигин жарандардын укуктарын урматоого жана маанилүү реформаларды ишке ашырууга үндөдү. Перси булуңундагы чакан султанатта америкалык деңиз күчтөрүнүн базасы жайгашкан.