Адам укуктары боюнча эл аралык сот түзүү сунушталды

Бул мекеме бийлиги куугунтукчул өлкөлөрдө адам укуктарын коргоо ишин эл аралык деңгээлге чыгаруу максатын көздөмөкчү. Италияда өтүп жаткан укук коргоочулардын 39-дүйнөлүк курултайында ушундай демилге көтөрүлдү. Эл аралык жыйынга Кыргызстандан “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова баш болгон өкүлдөр, Дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин президенти, кытайлык диссидент Рабия Кадыр да катышууда.